Коопсуздук кеңештин кайсыл тапшырмалары аткарыла электиги айтылды

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 18:19
0 ой-пикир

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин кайсыл тапшырмалары аткарыла элек экендигин айтты.

Анын айтымында, “Мектеп медицинасы” жана “Акылдуу мектеп” долбоорун киргизүү чечимдери аткарылган эмес. Ишке ашыруу мөөнөтү 6 айга кечиккен.

Андан тышкары, “Санариптик Кыргызстан” Концепциясын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн атайын парламенттик-өкмөттүк комиссияны түзүү чечими да аткарылган эмес.

Ошондой эле ал маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн министрликтерди жана ведомстволорду атады. Алар:

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

— Эсептөө палатасы;

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы;

— Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

— Мамлекеттик миграция кызматы;

— Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы;

— Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

— Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;

— Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

— Кыргыз аккредитациялоо борбору;

— Мамлекеттик байланыш агенттиги;

— Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия;

— Жогорку аттестациялык комиссия.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынында айрым мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө деп белгилеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.