Коопсуздук кеңештин чечими менен 30 жетекчи тартиптик жазага тартылат

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 15:07
0 ой-пикир

Коопсуздук кеңештин чечими менен бир топ жетекчилердин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын 30 жетекчиси тартиптик жазага тартылат.

«Башкача айтканда, президент менен өкмөт башчыга Коопсуздук кеңешинин отурумдарында коллегиялык түрдө кабыл алынган тапшырмаларды толук эмес, формалдуу түрдө аткарган жетекчилерди жазалоо сунушталды. Жазалардын ичинде кызматынан бошотуу, эскертүү, сөгүш жана катуу сөгүш болот. Төрт адамга катуу сөгүш берүү сунушталды: алар Социалдык фонддун жетекчиси, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси жана анын эки орун басары. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотуу сунушталган», — деди Сагынбаев.

Коопсуздук кеңештин жыйынында экотехинспекциянын алты кызматкери акча тоноодогу системдүү бузуулары үчүн кармалгандыгы айтылган.

«Андан тышкары, бүгүн каралып жаткан Коопсуздук кеңешинин чечимдерине байланыштуу эң көп бузуулар аталган инспекцияда орун болгон», — деп кошумчалады Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилди.

Эске сала кетсек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Күн тартибинде сот, көзөмөл, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана тоо-кен казуу секторундагы көйгөлөрдү чечүүгө багытталган маселелер болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.