Коопсуздук кеңеште эки маселе каралууда

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 10:05
0 ой-пикир

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы талкууланат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине өзгөртүү киргизүү сунушталган

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңеш тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу күтүүлүдөө.

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.