"Манас" аэропортунда тумандын айынан каттамдар кармалууда

Окуялар тизмеги 23 Янв 2020 14:59
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-январь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда туруксуз аба ырайы – тумандын түшүшү байкалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«2803 «Урал аба жолдорунун» Москва-Бишкек-Москва жана 779 «Өзбекстан аба жолдорунун» Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамдары саат 13:00гө жылдырылды. Ошондой эле ички каттам – Ош-Бишкек каттамы кармалууда», — деп айтылат маалыматта.

Аэропорт келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, каттамдар тууралуу маалыматты 0 312 693109 («Манас») жана 0 3222 90101 («Ош») номерлери боюнча тактоону суранат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.