Окуучу кыздарды уурдоо фактысы боюнча милиция үн катты

Окуялар тизмеги 23 Янв 2020 17:34
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда окуучу кыздарды уурдоо видеосу кеңири таркап, интернет колдонуучулардын талкуусуна түшкөн. Бул видеого Чүй облустук милициясы реакция берип, төмөндөгүдөй маалымат таркатты:

«22-январда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айыланда белгисиз бирөөлөр мектеп окуучусун уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу 112 кызматына билдирүү түшкөн. Биздин кызматкерлер дароо жерине барганда кыздын ата-энеси жанында экен. Кыздар, күбөлөр менен баарлашкан, алар ар кандай көрсөтмөлөрдү беришкен. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүштү. Бүгүн эртең менен дагы барып көрсөтмө алды, билдирүү боюнча иштеп жатышат, бирок бала уурдоо фактысы тактала элек. Башка райондордон андай билдирүү түшкөн жок» .

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда жана түрдүү мессенжерлерде Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында кара түстөгү жол тандабас унаасында белгисиз бирөөлөр окуучу кыздарды уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалыматтар таркаган.

Андагы маалыматтарда кара түстөгү жол тандабас унаасы бир нече райондорго барып, кичинекей балдарды уурдоого аракет кылганы, аны көрүп калган жергиликтүүлөр унааны ташбараңга алып балдарды сактап калышканы айтылат.

Сүрөт иллюстрациялык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.