Канат Азиз: Жакында Матраимовдордун ММКлар күнөөлөп жаткан иштерге эч кандай тиешеси жок экенине баары күбө болушат

Видео, Интервью, Окуялар тизмеги 23 Янв 2020 11:19
0 ой-пикир

Elgezit.kg редакциясына берген маегинде саясий илимдердин доктору Канатбек Азиз кандайча Матраимовдордун жактоочусу болуп калганын айтып берди. Биз бул маектен үзүндү (ошондой эле видеомаекке кирбей калган айрым учурларды) жарыялайбыз. Толугу менен макаланын аягындагы видеодон көрсөңүз болот.

-Канат кандайча Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочусу болуп калдыңыз, бул сиздин демилгеңиз беле же сунушту алар киргизиштиби?

-Мен Жогорку аттестациялык комиссиядан кеткенден кийин бир-эки күндөн соң сунуш түштү. Алгач баш тарткам. Бирок Матраимовдордун журналисттердин иликтөөсүндөгү аткезчиликке эч кандай тиешеси жоктугу тууралуу фактыны көргөндөн кийин гана макулдугумду бердим. Анын үстүнө буга чейин дагы Өмүрбек Текебаевди сотто коргоп, Атамбаевдин режими учурунда бизге миллиондогон суммага доо арыздарды жазышканда ММКлардын кызыкчылыгын коргоп, бул жаатта тажрыйбам бар болчу.

-Бирок, сиз азыр ММКга каршы процесске катышып жатасыз да…

-Ооба, туура. Эсиңиздерде болсо буга чейин соттор аркылуу мага, кесиптешиме, ошол эле айрым ММКларга миллиондогон доо арыздар жазылып, соттун чечими менен миллиондорду мойнубузга илип коюшкан. Ал эми азыр болсо Матраимовдор тарап ММКлардан миллион алууну максат кылышкан жок. Биз маселени тынчтык жолу менен чечишип алууга даярбыз. Эгерде ММКларда Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси бардыгы тууралуу фактылар болсо көрсөтүшсүн, биз арызыбызды артка алууга даярбыз. Алар далилдерди президентке бердик деп жатышса, анда аларды бизге же сотко да беришсин. Же башка журналисттерге беришсин, ал эмне болгон далилдер экенин баарыбыз көрөлү. Эгерде далилдер жок болсо анда маалыматтарын төгүндөшсүн. Же башкача жол менен түшүнүшсөк болот, мисалы, 24.kg маалыматтык агенттиги менен сүйлөшүп жатабыз, бүгүн, эртең бир чечимге келебиз деген ойдомун. Белгилей кетсем, бул маселени сотко жеткирбей эле жөнгө салып, чындыкка жеткилери келген. Матраимовдор башында “Азаттыктын” башкы кеңсесине кайрылышкан. Алар кийинчерээк жооп беребиз дешип, бирок үн катышкан эмес. Кийин ММКлардын үстүнөн түшкөн даттанууларды кароо боюнча комиссияга кайрылышкан. Натыйжа болбогон соң, сотко кайрылуу бул үй-бүлөнүн акыркы жолу болду.

-Матраимовдордун жактоочусу болууга сизге эмне түрткү болду? Жакшы төлөнгөн гонорарбы?

Азыр баары ушинтип жазып жатышат. Мени сатып алышты дешүүдө. Андай болгон жок. Бул менин юрист катары кабыл алган чечимим. Юристтерде жана врачтарда адамдын абалына карап тандалма иш алпаруу деген түшүнүк жок. Бирок өзүмдүн принциптерим бар. Мисалы, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн, педофилдердин кызыкчылыгын эч качан коргобойм.

-Демек, Матраимовдордун эч кандай күнөөсү жокпу?

— Мен дайыма юридикалык фактылар, далилдер менен сүйлөгөндү жакшы көрөм.  Алар бул окуяларга эч кандай тиешеси жоктугу жана бул иликтөөлөрдүн авторлорунун сөздөрү куру сөз экени тууралуу далилдерди беришти. Сотто биз бул фактыларды коомчулукка алып чыгабыз деп сөз берем. Ошондо коомчулук Матраимовдордун үй-бүлөсү башкалардын максатына жетиши үчүн курал болуп жатканын түшүнөт. Сот процесстерине жакшылап көз салып турсаңыздар болот. Эгерде биз тараптан кеткен катачылык бар болсо, анда ММКлар менен сүйлөшүп, аларды жарыя кылдырбоого аракет жасамакпыз. Матраимовдордун позициясы башынан эле башкача болду – иликтөөлөрдү далилдеп бергиле же далилдер жок экенин моюнга алгыла. Журналисттер биз бул иш менен алек болбошубуз керек, фактыларды чогултуу биздин иш эмес деген позицияны карманып жатышат.

Биз укук коргоо органдарына да кайрылып: “Азаттыктын” жана “Клооптун” иликтөөсүн тыкыр изилдеп чыгып, Матраимовдордун күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени тууралуу далил бергиле дедик. Бирок укук коргоо органдары дагы үн катпай жатышат. Процесстин созулуп жатканына алардын дагы күнөөсү бар деп айта алам. Жакында Матраимовдордун үй-бүлөсүн күнөөлөө куру сөздөр экенине күбө болосуздар.

-Матраимовдордун үй-бүлөсү өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштешкен. Бирок алар бай жашаган үй-бүлөлөрдүн катарында. Мынча кирешени кайдан табышат?

-Матраимовдор аткезчиликке катышып байып кеткен деп айтуу туура эмес. Райым Матраимов өзү кирешелери кайдан келгенин далилдеп бергенге даяр экенин айткан. Азыр иш УКМКда каралууда жана тергөө учурундагы купуялуулук деген бар. Ошондуктан кийинчерээк, бара-бара мунун баары ачыкка чыгып, айтылат.

-Сиз сотто Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп чыкканыңызга айланаңыздагылар кандай карашты?

-Ар кандай. Социалдык тармактарда талкууга катышпай элемин. Кийинчерээк баары абал башкача экенин түшүнүшөт. Мен коомчулукту баа берердин алдында объективдүү болууга чакырат элем. Муну менен катар эле коомчулукта Матраимовдорду колдогондор көп экенин, алардын арасында саясатчылар, коомдук ишмерлер, активисттер дагы бар экенин белгилей кетейин.

-Кимдер?

-Азырынча аттарын атабай турайын, кийин өзүңөр баарын көрөсүңөр.

Бул иликтөөлөрдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталбаганы мени таң калтырды. Себеби журналисттер айтып жаткан аткезчилик схемалардын баары мурдагы президент өлкөнү башкарып турганда болуптур. Бул боюнча пикириңиз кандай?

— Эң туура. Алмазбек Атамбаев маектеринин биринде бюджеттен миллиондор уурдалганын, ошондуктан Сапар Исаковго Райым Матраимовду кызматтан алуу тапшырмасын бергенин айтканы эсиңиздерде болсо керек. Миллиондор уурдалган болсо анда аны кызматтан албай, жоопкерчиликке тартуу маселеси коюлушу керек эле да. Анда Матраимовду камакка алуу керек болчу. Эмнеге мындай болгон жок? Демек, бул жерден Атамбаев жалган сүйлөдү!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.