Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 19:11
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57 892,1 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57 104,9 млн. сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 787,2 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.