Кыргызстандын бардык жарандары декларация тапшырууга милдеттендирилет

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Янв 2020 16:49
0 ой-пикир

2020-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандын бардык жарандарын киреше-чыгашасы тууралуу мамлекетке декларация берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет.

Ага ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөт.

Бирок Экономика министрлиги парламентке бул мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.

«Бул мыйзам күчүнө кирсе, салык органынын ар бир кызматкерине 2 000ден декларация кабыл алууга туура келет. Элдин көпчүлүгү электрондук түрдө декларация тапшырууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан жана башка себептерден улам кагаз түрүндө берет. Андан соң баарын талдап чыгып, Салык кызматынын маалыматтык системасына кол менен киргизишет. Жогорудагы жагдайларды, ошондой эле калктын даяр эместигин эске алуу менен декларациялоонун мөөнөтүн узартууну жана этап-этабы менен ишке ашырууну сунуштайбыз», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Аны үч этап менен аткаруу пландалууда:

2021-жылдан тартып:

  • илимий изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, ден соолукту чыңдоо-дарылоо жана аткаруучу-тескөөчү функциялары менен байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка иштер менен алектенген мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын карамагындагы мекеме, уюмдардагы жумушчулар жана кызматкерлер;
  • Мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда эмгектенгендер. Ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда эмгектенген жумушчулар;
  • Эл аралык уюмдарда иштегендер;
  • Өзүнө 300 миң сомдон ашык суммада мал-мүлк алган жеке жактар.

2023-жылдан тарта киреше салыгын төлөгөн жеке жактар.

2025-жылдан баштап бардык жактар жана категориялар.

Парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров бул мыйзам «мүлкүн туугандарына каттатып, байлыгын жашырган чиновниктерди ачыктоого шарт түзөрүн» белгиледи.

«Ар бир адам өзүнө таандык мүлкү боюнча отчет берип жатканда жоопкерчилиги жогорулайт. Муну менен журналисттик иликтөөсүз эле баары ачык көрүнүп калат. Ошондуктан «эл азыр даяр эмес» деп мөөнөтүн кайра-кайра узарта бербей ишке киргизишибиз керек. Шартын жөнөкөйлөштүрүп электрондук түрдө тапшыра тургандай кылсаңыздар. Айылдарга интернет жетип калды, тоскоолдук жок», — деди Жапаров.

Аталган мыйзам долбооруна депутаттар эртең, 23-январда добуш берет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана мал-мүлкү тууралуу декларация тапшырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.