ВИДЕО: ИИМдин мурдагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 10:41
0 ой-пикир

Ош шаарында ИИМдин мурдагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына К.М. аттуу жаран «ИИМдин «кызматкери», Ош облусунун С.Б. аттуу жараны мага кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартам  деп коркутуп, 1 миң доллар өлөмүндөгү пара талап кылып жатат», — деген арыз менен кайрылган. 

«Милиция кызматкери » акчаны накталай алуудан баш тартып, банктагы эсебине которуп коюуну талап кылган. 2020-жылдын 16-январында арыздануучу акчаны С.Б. аттуу жарандын банктагы эсебине 69 миң 750 сом акчаны которгон.

Жыйынтыгында, С.Б. эсебине которулган акчаны соода түйүндөрүнүн биринен алып жаткан жеринен кармалган. Териштирүүнүн жыйынтыгында, өзүн ИИМдин учурдагы кызматкеримин деп тааныштырган жаран, азыркы маалда эч жерде иштебегендиги, мурунку ИИМдин кызматкери экендиги  маалым болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.