УКМК: Таласта юстиция органынын башкы адиси пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 12:47
0 ой-пикир

Юстиция министрлигинине караштуу Талас шаардык жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, пробация органынын башкы адиси – 45 жаштагы «Н.К.К.» системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

«Такталган боюнча, аталган адам өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробациялык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, 18-январь күнү ал, талап кылган паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Учурда ал УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.