УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Шаикова эл аралык издөөдө

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 13:52
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Коррупция» беренеси менен шек саналып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова эл аралык издөөдө экенин кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, биометрикалык паспортторго бланктарды алууга байланыштуу тендердеги коррупцияга катышы бар адамдарды аныктоо иши уланууда.

Бул иш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге, Данияр Бакчиевге жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге акчалай айыппул салынып, эркиндикте калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-декабрда ушундай чечим чыгарып, Сарыбаев менен Абдуллаевге 270 миң сомдон, ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевге 230 миң сом айыпка жыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.