Президент кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 12:02
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери  үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Иш-чарадан түз эфир Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынан берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.