Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулду кабыл алуу убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, президент айрым жол эреже бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзамына кол койгон. Тартип бузуу жөнүндө Кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизилип, бир катар жол эрежесин бузгандарга айыппул төмөндөгөн жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлгөн. Ага байланыштуу айрым техникалык иштер жүрүп жаткандыгы айтылган.
«Төлөм 2020-жылдын 19-январынан тарта кайрадан кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.