Улуттук статистика комитети: Өлкөдө дем алуу органдарынын оорусу биринчи орунда турат

Окуялар тизмеги 19 Янв 2020 11:50
0 ой-пикир

Кыргызстанда 28 жылдан бери дем алуу органдарынын оорусу биринчи орунда турат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар башка илдеттерге караганда дем алуу органдарынын ооруларына көп чалдыккан. Тактап айтканда, ооруканага кайрылган ар бир үчүнчү кыргызстандык аталган оору менен жабыркайт. Мындай көрүнүш 1990-жылдан 2018-жылга чейин уланып келет.

Ал эми 2-орунду 1998-жылдан бери тамак сиңирүү органдарындагы оорулар менен жабыркагандар ээлейт.

2018-жылы республикада калктын илдеттеринин 1,6 млн учуру катталган. Анын ичинен 43 пайыздан ашууну жаш балдарда аныкталган.

2018-жылы калктын жалпы ооруларындагы көрсөткүч:

— 37,5% — дем алуу органдарында;

— 8,1% — тамак сиңирүү органдарында;

— 7,1% — жыныс оорулары;

— 5,7% — жугуштуу жана мите оорулары;

— 5,7% — жаракаттар жана уулануу;

— 3,4% — кан айлануу системасынын ооруларына туура келди.

«Дем алуу органдарынын ооруларынын түзүмүндө 78 пайызы жогорку дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясына туура келген. Дем алуу органдарынын оорусуна чалдыккандар көп жана ушундай эле тенденция ЕАЭБ өлкөлөрүндө да байкалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.