Президент Аалы Туткучевдин концертине барды

Окуялар тизмеги 19 Янв 2020 10:32
0 ой-пикир

18-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Эл ырчысы Эстебес” тобунун «Катын калп айтпайт, каңырыш угат. Эркектерчи?..» аттуу өзгөчө концерти өттү. Белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев жетектеген топ көрүүчүлөргө музыка, драма, юмор, сатира аралаш кечесин тартуулады.

Кызыктуусу ага президент Сооронбай Жээнбековдун барганы болду. Өлкө башчысын концертке маданият министри Азамат Жаманкулов жана бир катар аткаминерлер коштоп келген.

Кече аяктагандан кийин Жээнбеков Туткучев жетектеген топ менен жолугушуп, “аймактарды кыдырып, концертти элеттиктерге тартууласак” деген тилегин колдой турганын билдирди.

Учурда топтун курамында Кыргыз Республикасынын Эл артисткасы Нуржамал Табалдиева, дастанчы Өмүрзак Кайыпов, ошондой эле таланттуу аткаруучулар Гүлгаакы Сагындыкова, Талант Сыдыков, Мээрим Карыпова, Таалай Иманкулов, Турдукан Сарбанова, Өскөн Дүйшөнбүев, Элзар Өскөнбаева, Элдияр Желдеңбаев жана музыкант Эмил Ишен уулу бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.