Кыргызстанда көмүр 1,1 пайызга арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 16-январына карата көмүрдүн чекене баалары 2019-жылдын декабрь айындагы орточо чекене бааларга салыштырмалуу республика боюнча орточо 51,13 сомго же 1,1 пайызга төмөндөдү.
Ошентип, көмүрдүн эң жогорку баалары Ноокат (бир тонна үчүн – 7 611,43 сом), Баткен (бир тонна үчүн — 7 140,04 сом), Кара-Суу (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) шаарларында белгиленди.
Минималдуу чекене баалар, өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500,00 сом) байкалды. Ушул эле учурда, көпчүлүк шаарларда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.
Көмүрдүн баасы эң чоң өлчөмдө Өзгөн шаарында – анда бир тоннасы 402,69 сомго же 8,1 пайызга, Ноокат шаарында – бир тоннасы 181,69 сомго же 2,4 пайызга жана Токмок шаарында – бир тоннасы 184,73 сомго же 4,9 пайызга кымбаттады. Ушуну менен катар эле, Баткен шаарында бир тонна үчүн көмүрдүн баасы – 667,89 сомго же 8,6 пайызга, Токтогул шаарында – 187,51 сомго же 3,9 пайызга төмөндөдү.