2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча жыйналган

Окуялар тизмеги 19 Янв 2020 10:02
0 ой-пикир

2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча чогултулду. Бул 2018-жылга караганда 3,5%га көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

«Помидор 240 миң тоннадан ашык же 7,1 пайызга көп чогултулган, сабиз – 182 миң тоннага жакын (3,2%га көп), бадыраң – 130 миң тонна же 8,7%га көп. Сарымсактын түшүмү дээрлик 25%га көбөйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда капуста 134 миң тоннага жакын чогултулуп, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 9,1%га аз. Ал эми пияз 200 миң тоннадан ашык же 4,1%га аз чогултулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.