Улуттук кураманын футболчулары күйөрмандары менен жолугушат

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 14:07
0 ой-пикир

Эртең, 18-январда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары жана машыктыруучу Александр Крестинин менен фан-жолугушуу уюштурулат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Asia Mall соода борборунда улуттук кураманын оюнчуларын сыйлоо аземи өтөт.

Кечки саат 17:15те соода борбордун 3-кабатында футболчулар күйөрмандардын суроолоруна жооп берет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.