Өткөн жылы жарандардан президенттин аппаратына 15 миң 305 кайрылуу келип түшкөн. Бул жөнүндө президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын 4826сы же 42,5% сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен байланышкан.
Прокуратура органдарына байланыштуу 1 982, соттор боюнча 1 810, ички иштер органдарына тийиштүү 789, финансы полициясы боюнча 117, улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү 86, жаза аткаруу кызматына байланыштуу 42 арыз-даттануулар түшкөн.
Ал эми социалдык маселелер боюнча 3007 кайрылуу келген. Бул 26,5% түзөт.
Президенттин жана анын аппаратына келген кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбагандыгы маалыматта айтылат.