Ошто унаа чогултуучу жана чыгаруучу завод куруу демилгеленүүдө

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 12:50
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда унаа чогултуучу жана чыгаруучу завод ишке кириши керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу парламенттик «Өнүгүү» фракциясынын катчылыгы билдирди.

«Ошто чыгарыла турган унаалар Кыргызстандын брендине айланып,  ЕАЭБдин алкагында жана дүйнө жүзүнө жайылат. Андыктан, Өкмөт унааларга Кыргызстандан өндүрүлгөнүн тастыктоочу пин кодду бериши керек», — деди эл өкүлү.

Мындай  пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев  16-январда КР экономика  министри Санжар Муканбектов, Өнөр-жай, энергетика  жана  жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, “Кыргыз унаакурулуш” заводунун директору  Абды-Манап Кудайбердиев жана  тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Жогорудагы маселелер ишкерлер үчүн узак убакытты, бир катар көйгөйлөрдү жаратып келгендиктен, эл өкүлүнүн демилгеси менен жумушчу  топ түзүлдү. Аталган жумушчу  топтун курамына Экономика министрлигинин, Өнөр-жай, энергетика  жана  жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик комитетинин жана “Кыргыз унаа курулуш” заводунун  өкүлдөрү киришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.