Кытайдагы Жаңы жылга (Жаз майрамы) карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат, — деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.
Маалыматка ылайык, чек араларды убактылуу жабуу демилгесин Кытай тарап сунуштаган.
«Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү бекеттери 2020-жылдын 24-январынан 30-январына чейин жабык болот», — деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 31-январында калыбына келтирилет.
Кытай калкы Ай календары боюнча Жаңы жылды, кытайча Чуньцзе же Жаз майрамын белгилейт. Кытайда Ай жылнаамасы боюнча 2020-жылдын башталышы 24-январдан 25не караган түнгө туура келди.