ИИМ: Аялдар тарабынан күйөөсүнө зомбулук көрсөткөндөр көбөйүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Янв 2020 14:43
0 ой-пикир

Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча аялдарга 393 коргоо ордери берилген. Бул тууралуу ИИМ коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков билдирди.

Рысбеков белгилегендей, коргоо ордери зомбулук көрсөткөн адамга берилет. Былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 6 миң 145 коргоо ордери берилсе, анын 5 миң 752си аялдарына зомбулук көрсөткөн эркектерге берилген. Ал эми аялдарга 393 коргоо ордери берилген.

«Аялдар тарабынан зомбулук көрсөтүү да болууда. Күйөөсүнө кол көтөргөндөр, кайын ата же кайын энесин эшикке чыгарып койгондор болгон», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.