Соңку отуз жылда Кыргызстан өнүктүбү?

Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Янв 2020 16:33
0 ой-пикир

Учурда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун «элдин жашоо-шарты жакшырды, эшек минген айылда киши калбады» деген сөзү катуу талкуу болууда.

Чынына келгенде соңку отуз жылда Кыргызстан канчалык өнүккөндүгүн изилдеген Би-Би-Синин макаласын окурмандарга сунуштайбыз.

Тилинен жаңылганда

«Мындан он жыл мурун айылдарда жолугушууга барганда, ат-эшек минип жолугушууга келишчү. Үч-төрт жылдан бери мен байкап жүрөм, бир ат-эшек жок. Ар бир келген киши өз унаасы менен келет жолугушууларга. Бир ат жок, эшекти айтпай эле коелу», — деген Кубатбек Бороновдун билдирүүсү коомдук сайттарда шакабага айланып, «эшек экономиканын күзгүсүбү» деген суроолор коюлуп жатат.

Ошентсе да аткаминердин бул билдирүүсү соңку он жылдыкта элдин жашоосу канчалык жакшырды деген маселени козгоду. Быйыл Апрель окуяларынын он, ал эми Жоогазын ыңкылабынын он беш жылдыгы белгиленет.

Сүрөт иллюстрация үчүн гана колдонулду
Кыргызстандыктардын жашоо-шарты оңолдубу?

Жыл жаңырары менен «Адамзаттын өнүгүүсү тууралуу баяндама -2019» (Human Development Report) жарыяланып, анда соңку 30 жылдагы 189 өлкөнүн өнүгүүсүнө баа берилди. Баалоо үч индикатордун негизинде жүрдү: калктын саламаттыгы жана жашоо узактыгы; билимге болгон умтулуусу жана киши башына карата улуттук кирешенин көрсөткүчү.

«Кыргызстан бул тизмеде 122-орунда. Жыйынтык, соңку 28 жылда өлкөдө өмүр узактыгы беш жылга узарды, билим алууга убакыт бөлүү орточо эсеп менен 2,5 жылга көбөйдү, бирок киши башына улуттук киреше 3% азайды. Бул деңгээлди документин авторлору орто деп белгилешти», -деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын басма сөз өкүлү Айнагүл Абдрахманова.

Айнагүл Абдрахманова

Ал эми Кыргызстандын ЕАЭБдеги шериктери — Орусия бул рейтингде -49, Беларус менен Казакстан 50-орунду ээлешкен. Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн Кыргызстан Тажикстанды гана (125-орун) артка калтырды.

Кыргызстан ушул эле рейтингде 2010-жылдан бери 109-орундан улам артка жылып отуруп, 122-орунга келди. Салыштыруу ирээт, Казакстан 2010-жылдан тарта позициясын 66-орундан 50гө көтөрө алды.

Өлкөдө бештин бири —жакыр

Экономикалык өсүштүн башкы көрсөткүчү — Ички дүң продукту. 2019-жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 4,9% чыкты.

Бирок эл аралык иликтөөлөр Кыргызстанда калктын дээрлик бир жарым миллиону жакырчылыкта жашарын көрсөтүүдө. Бир айлык кирешеси 2 миң 700 сомдон ашпаган жаран өлкөдө жакыр эсептелет.

2015-жылы БУУ кийинки он беш жылга дүйнө өлкөлөрүнө өнүгүү максаттарын койду, жакырчылыкты жоюу андагы башкы милдет.

БУУнун генералдык Ассамблеясында, 2011- жылы
БУУнун генералдык Ассамблеясында, 2011- жылы

«2019-жыл үчүн Глобалдык отчеттун маалыматы боюнча, Кыргызстанда Туруктуу өнүгүу максаттары алкагындагы аракетинде ачарчылыкты жоюу, гендердик теңчилик, таза суу жана санитария, татыктуу иш жана экономикалык прогресс, кургактыктын экотутумун сактоо боюнча сенектик байкалууда», -деген эле экс-президент Роза Отунбаева декабрда жыл жыйынтыгын чыгарып жатып.

Кыргыз өкмөтү быйыл июлда Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда эмнеге жетишкени боюнча отчет берет. Бул үчүн өкмөттө атайын жумушчу топ да түзүлгөн. Аны өкмөттүн экономика жана инвестиция бөлүмүнүн эксперти Динара Үтүрова жетектейт. Бирок ал отчетко даярдык көрүлүп жатканын гана айткан.

Бирок буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолгон.

Ага ылайык өлкө жай, бирок туруктуу өнүгүү жолунда.

Булак: Би-Би-Си

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.