Путин жаңы премьердин талапкерлигин көрсөттү

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 08:23
0 ой-пикир

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Владимир Путин Мишустиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөтүлгөн.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт.

Дмитрий Медведев жетектеген орус Өкмөтү Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунуштарына байланыштуу отставкага кеткен. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.