Финпол: мыйзамсыз бензин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалды

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 10:21
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) жана Чүй облустук ИИББинин кызматкерлери менен бирге күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу финполдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-январында Чүй облусунда коштомо документтери жок, бензин жыттанган суюктук куюлган жүгү бар жарым чиркегич идиши менен «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Азыркы убакта аталган унаа жагдайлар аныкталганга чейин айып короосуна киргизилген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.