Дача-Судагы авиакырсыкка — үч жыл

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 10:05
0 ой-пикир

Бүгүн, 16-январда Сокулук районунун Дача-Су айылында болгон авиакырсыкка үч жыл толот.

Жыл сайын өтүүчү эскерүү иш-чаралары тууралуу азырынча расмий маалыматтар жок.

2017-жылы 16-январда Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсү жана 35 жергиликтүү тургун каза болган. Учаны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Ал учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон. Учактын кулашынын негизги себеби катары экипаждын катасы деп айтылган.

Ал эми Дача-СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен бир нече ирет митингге чыгышкан. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан сырткары, маркумдардын жакындары менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын комиссия иш алып барган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, ӨКМдин атайын эсебине 102 млн. 160 миң 180 сом түшкөн. Бюджет тармагында иштеген дээрлик бардык кызматкерлер бир күндүк маяналарын которушканы белгилүү.

Өкмөт чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнүн, жети жаран үй-жай алганын айтканы менен коопсуздук чараларынан улам кимге канча акча тийгени ачык көрсөтүлбөй турганы белгилеген.

2018-жылдын 16-январында Дача Су айылына авиа кырсыктан каза тапкан жарандарга арналган эстеликтин ачылышы болгон. Маалыматтарга караганда, эстеликти жабыр тарткандар өздөрүнүн каражатына тургузушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.