Бишкекте абанын булгануусу жогору бойдон калууда

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 16:53
0 ой-пикир

Бишкекте абанын булгануу деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин атмосфераны байкоо бөлүмүнүн башчысы Мээрим Асанбай кызы билдирди.

Борбордун ыкчам маалыматтарына ылайык, бүгүн эртең мененки саат 8:00гө карата оксид углероддун концентрациясы м3га 23,97 мгды түзгөн. Ал эми норма бир м3га 5 мгны түзөт. “Ал эми башка булгануулар боюнча концентрациянын деңгээли норманын тегерегинде”, — деп айтылат маалыматта.

AirVisual тиркемесинде кабарлангандай, Бишкек шаарынын абасы азыркы учурда өтө сезимтал адамдар үчүн абдан оор. Булгануу 141AQI түзөт. Бул көрсөткүч өтө сезимтал адамдардын ден соолугунда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.