Бишкекте 19 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштады

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 15:07
0 ой-пикир

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 19 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштаган. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Оуя 15-январда болжол менен саат 19:00дө болгон. Жибек Жолу менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 19 жаштагы М.С. аттуу кыз секирген.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматынын дарыгерлери барышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде 136-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Секирген кыз травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы оор.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.