Башкы прокурор: Ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 23:06
0 ой-пикир

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 16-январда Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешмеде жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды. Бул жөнүндө «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, башкы прокурор Баткенде координациялык кеңешмелердин аз өткөрүлүп жатканын сынга алган . Анын айтымында, былтыр Баткен облусунда 31 кеңешме болгон. Анын ичинен Баткен облустук администрациясында 14, Лейлек районунда төрт, Кадамжайда үч, Баткен районунда төрт, Сүлүктү шаарында төрт жана Кызыл-Кыя шаарында эки жолу координациялык кеңешме өткөн.

Ызы-чуунун баары Баткен районунда болот. Ал жакта эмне үчүн төрт эле жолу кеңешме болгон? Жетекчилердин жоопкерчилиги эмне үчүн көтөрүлбөйт? А биздин президентибиз Сооронбай Шарипович чек арага жүрөгү менен жан тартып жатат. Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, «маселени чечели» деп жатат. Бизди ошондуктан «маселени жеринде барып көрүп, чечкиле» деп жөнөттү. Бул жакта жергиликтүү бийлик болсо «баарын Бишкек чечет» деп отурат. «Бишкек чечет» деген менен бул жактагы жетекчилердин да жоопкерчилигин көтөрүш керек да! Мыйзамдын талабы боюнча «мыйзам аткарылбаса жетекчи жоопкерчиликке тартылат» деген жери бар. Жазык кодексинде «Шалаакылык» деген берене бар. Ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём, — деди Жамшитов.

Эске сала кетсек, 16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешме өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдын маалымат берип, 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак катталганын жарыялады. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.