Атамбаевге үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат беришти

Окуялар тизмеги 16 Янв 2020 11:19
0 ой-пикир

Абакта олтурган Алмазбек Атамбаевге уулу Сеид Атамбаев менен жолугууга уруксат беришти. Бул туурасында мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, 24.kg жазды.

Жактоочунун айтымында, УКМКнын Тергөө абагында отурган экс-президент жубайы жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

«Атамбаевдин ден соолугу жакшы, эч нерсеге арызданган жок. Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялар боюнча кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатам. Экспертизалардын корутундусу менен жарым-жартылай тааныштым», — деп билдирген Сергей Слесарев.

Эске салсак, камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.