Жээнбеков 2020-жылга карата өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча артыкчылыктуу багыттар менен таанышты

Окуялар тизмеги 15 Янв 2020 18:19
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Мамлекет башчысы 2019-жылы өлкөнү санариптик трансформациялоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча иштери менен таанышты.

Жолугушууда маалымат алмашууну автоматташтыруу процесси бизнес жана мамлекеттик органдарда экономиканын бардык чөйрөлөрүндө башталгандыгы белгиленди. Бир катар архивдик документтер санариптик форматка өткөрүлүп, кайталанган функциялар менен справкалар жоюлгандыгы белгиленди.

Санариптик платформа түзүлүп, ал жеке түзүмдөрдүн «Түндүк» Электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна активдүү кошулуусун камсыз кылдгандыгы айтылды.

Сооронбай Жээнбеков санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын аныктады.

«Санариптик инфраструктураны калыптандыруу, тиешелүү платформаларды жана маалымат базаларды түзүү менен катар өлкө жарандарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүп, буга катышкан мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек. Ошондой эле тездетилген санариптик трансформациясы үчүн жагымдуу мыйзамдык негизди түзүү зарыл. Ансыз калк санариптешүүнүн реалдуу оң натыйжаларын сезе албайт», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент маалымат алмашууну коргоону камсыз кылуунун маанисин өзгөчө белгилеп, кибер коопсуздукту камсыздоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду.

Дастан Догоев быйыл — Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо боюнча Жарлыгына ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын санариптештирүүгө артыкчылыктуу тартипте басым жасаларын айтты.

Жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет.

Бул иш Маалымат технологиялары жана байланыш Мамлекеттик комитетинин жөнгө салуусу алдында Улуттук статистикалык комитет, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлөт.

Жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык-агартуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев 2020-жылы аталган платформаны өлкөнүн бардык региондоруна киргизүү пландалып жатканын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.