Ысык-Көлдө чарчап калган наристенин денесинде көгала тактар болгон

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Янв 2020 12:05
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ооруканада 11 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эркин Урманаевге таянып, Super.kg билдирди.

Маалыматка ылайык, наристе 10-январдан 11-январга караган түнү саат 02:20да ооруканага келип түшкөн.

«Наристе бизге келгенде эле комага түшкөн. Анын башында шишик жана денесинде анча-мынча көк ала тактар болгон. Наристе сасык тумоо менен ооруп жаткандыктан, ага массаж жасадык деп таенеси айтып берди. Эртеси Каракол шаарынан башка дарыгерлерди чакыртып, наристеге башка дары-дармектер берилген. Бирок ал түшкү саат 1де чарчап калган. Ымыркайга экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен гана анын эмнеден улам чарчап калганы аныкталат», — деди ал.

Ошондой эле дарыгер кыздын апасы Түркияда иштеп, аны таенеси багып жатканын кошумчалады.

«Ымыркайдын апасы турмушка чыгып, жолдошу каза болуп калган экен. Анын эки баласы бар дешти. Апасы иштеп кетип, таенеси ымыркайды багып калган», — деди дарыгер.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.