Дохада Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” аталышындагы китебинин бет ачары өттү. Сүрөт

Окуялар тизмеги 15 Янв 2020 17:54
0 ой-пикир

Катар мамлекетинин борбор калаасында өткөн 30-эл аралык Доха китеп көргөзмөсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” аталышындагы орус тилинде жазылган китеби араб тилине которулуп, окурмандарга сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган китеп буга чейин англис, немис жана кытай тилдерине которулуп, 60тан ашуун өлкөгө жайылтылган.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Эмил Токтошев Дохадагы иш сапарынын алкагында Катар мамлекетинин парламентинин Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун өкүлдөрү Али Абдилатиф жана Насер Ал-Хумейди менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Катар мамлекетинде жашаган кыргызстандык мекендештер менен да баарлашты.

Белгилей кетсек, 30-эл аралык китеп көргөзмөсү үстүбүздөгү жылдын 9-январынан 18-январына чейин Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүүдө. Аталган китеп көргөзмөсүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чет тилдерге, анын ичинде араб тилине которулган китептери коюлган. Мындан тышкары, көргөзмөдө Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлүүдө.

Көргөзмө эмир Шейх Тамим Аль-Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат. Ал аймактагы эң байыркы жана ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.