Автандил Арабаев: «Президенттин саясаты жаман эмес. Бирок…»

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 15 Янв 2020 21:52
0 ой-пикир

“Биз – кыргызстандыктар!” коомдук кыймылынын координаторлорунун бири, юридикалык илимдердин доктору, профессор Автандил Арабаев менен маек.

— Автандил Анисович, 2020-жыл Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Өлкөнүн келечегин кандай элестетип жатасыз?

— Албетте, үстүбүздөгү жыл мамлекеттин ички саясатын чагылдырып, мамлекеттик аппараттын ишинин негизги багытын жана алардын натыйжаларын көрсөтөт. Ырааттуулук менен иш жүргүзүп, мурдагы иштерин улантып жаткан, ошол эле учурда жаңычылык дагы бар болгон президенттин саясаты жаман эмес. Аймактарды өнүктүрүү программасы санариптештирүү сыяктуу эле бир жылда чечилип калчу көйгөй эмес экени, ал үчүн көп убакыт талап кылынары түшүнүктүү.

Бирок канчалык мактабайлы өлкөнүн башкы чакырыгын ишке ашыруу жогорку деңгээлде, эффективдүү болот деп айтуу азырынча эрте.

— Эмнеге? Сиздин оюңузча кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?  

— Президенттен жана мамлекеттик аппараттан коомчулук көп нерсени күтүп жатат. Баардыгы өкмөттөн чечкиндүү чараларды, аракеттерди, реформаларды күтүүдө. Азырынча бир гана активдүү акторду көрүп турабыз. Ал президент Сооронбай Жээнбеков. Ал эми Өмөт, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер кайда? Эмнеге алардын көзгө көрүнөрлүк иши жок? Балким, премьер жана министрлер болгон күчүн жумшап жатышкандыр. Бирок коомчулук, жарандар көргөнү, укканы, сезгени боюнча баа беришет эмеспи. Коомчулук сындап жатпайбы. Дал ошон үчүн айрым саясатчылар президентти аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын өзүнө жүктөп алды деп сындап  келишет.

Балким мындай абалдан чыгуу үчүн Өкмөттү алмаштыруу керек? Кандай ойлойсуз?

— Бул абалдан чыгуу жолу эмес. Бирок мындай вариантты деле четке кагып салуу туура эмес. Бул жерде көйгөй тереңде. Биринчиден, Өкмөттү түзүү жана анын ишин уюштуруу системасын түп-тамыры менен өзгөртүү керек. Ал бирдиктүү команда принциби боюнча түзүлүүсү зарыл. Жумушту “тактикадан стратегияга” жана тексерисинче деген принцип менен уюштуруу кажет. Болбосо ал бүгүнкүдөй болуп бюрократияга малынып, чөгүп кетет.    Өкмөт кесепеттер менен күрөшпөй, аткаруу саясатынын алкагында системалуу жана ырааттуу иш жүргүзүүсү зарыл.

Экинчиден, мыйзам менен жашаганды үйрөнүү керек. Мыйзам аркылуу Өкмөткө көп ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик рычагдары берилген. Аларды колдонуу керек. Үчүнчүдөн, кадрларды күчтөндүрүү керек. Мен жаш кадрларга каршы эмесмин. Аларга ишенип, жол бошотуу керек. Бирок бүгүнкү шартта биз бул нерсеге алагды болбошубуз керек. Анын үстүнө креатив жана жаштык жемиш бербей жатат. Дилентанттар көп. Ошол эле маалда тажрыйбалуу менеджерлер, окумуштуулар четте калышууда. А.Муралиев, Ж.Акималиев, А.Тагаев, А.Костюк, Н.Турганбаев, К.Ашыралиев сыяктуу тажрыйбалуу инсандарды премьердин, министрдин кеңешчиси кылып чакырып иштетсек эмнеге болбосун. Керек болсо А.Жумагуловду өлкө үчүн иштеп берүүгө чакырышыбыз керек. Биз аксакалдарыбызды сөз менен эле сыйлайбыз, бирок мыйзам аркылуу мамлекеттик кызматта 65 жашка чейин гана иштеш керек деп чек коюп койгонбуз. Конституцияга ылайык, 70 жаштагы адам президент  дагы, сот дагы боло албайт. Бул биздин тажрыйбалуу, акылдуу, өлкө үчүн дагы да иштей турган күчү бар адамдарга кылган мамилебиз. Мындай болбойт. Чет элдик тарыхты карап көрүңүз — Ли Куан Ю, Махатхир Мохамад. Уинстон Черчилль 80 жашында Улуу Британиянын премьер-министри болуп ийгиликтүү иштеген.

Ошондуктан министрлер корпусунун кадрдык потенциалын жана Өкмөттүн кеңешчилер институтун толугу менен күчөтүү керек. Тажрыйбалуу кеңешчилер жаштарды тарбиялашсын. Себеби насаат айтуу жүздөгөн жылдарды артта калтырган тажрыйба эмеспи.

— Сиздин оюңузча ушул эле жетиштүүбү?

— Албетте, жок. Бул мамлекеттик аппараттын көйгөйлөрүнүн бир гана бөлүгү.

Бирок мени коомчулуктун көйгөйү көбүрөөк тынчсыздандырат. Биз эмне деп айтпайлы коомчулуктун колдоосу жок бир дагы мамлекеттик саясат ийгиликке жетише албайт.

Тилекке каршы, биздин коомчулукта терс көз караш калыптанып калган.

Биринчиден, коррупция менен күрөшкө өтө берилип кетип, мыйзамдарды, жөнөкөй эле этика, сылык болуу дегенди унутуп калдык. Өзүңүз деле карап көрсөңүз, журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде күмөндүү “далилдер” менен биздин жарандарга “күнөөлүү” деген айыптарды коюп жатабыз. Мыйзам, процессуалдык өндүрүш, укук коргоо органдары деген бар го. Тергөө мыйзам чегинде далилдеп, сот айыптоо өкүмүн чыгармайынча эч кимди кылмыш кылды деп күнөөлөгөнгө болбойт да. Тергөөнүн даллили жана соттун чечими жок эле бирөөнү ууру же кылмышкер дегенге эч кимдин укугу жок. Биздин Конституцияда бекитилген айыпсыздык презумпциясынын мааниси ушундай да.

Бул жерде президенттин тиешеси жок. Анын үстүнө Сооронбай Жээнбеков өз ишин баштаган алгачкы күндөн тарта сот органдарынын ишине кийлигишпей турганын айтып келет. Бул президенттин алсыздыгы эмес, анын укук алкагындагы позициясы. Жакшыбы же жаманбы бизде мыйзамдар, соттор бар. Баары мыйзам алкагында болушу керек. Жада калса, көпчүлүк тиш кайрап жаткан Райым Матраимов болсо дагы. Президент “факты бергиле” дегенде, ал фактылар тиешелүү укук коргоо органдарына берилиши керектигин айткан. Кимдир бирөөдөн мыйзамдын аткарылуусун жана адилеттүүлүктү орнотууну талап кылып жатканда өзүбүз дагы мыйзамды сактап, адилеттүү бололу да.

Экинчиден, коомчулукта түндүк-түштүк маселеси, башкалардын идеяларына, көз караштарына кыжырдануу күч алып баратат. Биз муну “феминалле” окуясында, “ак элечек” кербенинде ж.б. көрдүк.

Мындай көйгөйлөр болбогон эле жерден пайда болууда. Көбүнчө айрым саясатчылардын ойлонбой сүйлөгөн сөзүнөн же жасаган ишинен улам болууда. Коомубуздун өтө эле саясатташып кеткендигинен улам дагы ушул кесепеттер келип чыгууда. Саясатка ММКлар гана эмес, БӨУлар, дин ишмерлери дагы аралашып кетишти.

Бирок бул жерде негизги фактор – мамлекеттик институттардын жана саясий партиялардын ишинин алсыздыгы.

Мамлекеттик органдар калк менен атайын иш алып баруусу керек. Улуттук өнүгүү стратегиясы бар, анын башкы максаттарынын бири жарандык интеграция жана улуттук биримдик. Мамлекет тарабынан бекитилген Кыргызстандагы элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы бар. Бирок мунун баары азырынча кагаз жүзүндө эле калууда. Эмнеге? Анда эмнеге аларды кабыл алышты эле? Алар ички саясаттын негизин түзүш керек эле го? Биз дайыма бизде улуттук идеология жок деп келебиз. Менимче, улуттук идеология мына ушунда. Улуттук биримдикке негизделген кыргыз элин  жарандык интеграциясы.

— Сиз саясий партиялар тууралуу айтып кеттиңиз, алар кандай роль ойношот?

— Саясий партиялардын миссиясы жарандардын саясий эркин түзүү, аларды ишке ашыруу жана кызыкчылыктарын коргоо. Ансыз партия саясий күрөшкө катышпаган болуп саналат. Мындан сырткары, Кыргызстандын партияларына Конституция Жогорку Кеңешти, шаардык кеңешти жана Өкмөттү түзүү укугун берген. Ошондой эле башка борбордук органдарды – сот органдарын, БШКны, Эсеп палатасын ж.б. да түзүшөт. Мындай укукка ээ башка уюм жок. Ошондуктан партиялар юридикалык дагы моралдык дагы жоопкерчиликти сезиш керек. Тактап айтканда, алар түзгөн органдардын иши үчүн жооптуу боуулары керек. Баарынан мурда Өкмөттүн ишине.

Ал ортодо саясий партиялар коомчулук менен активдүү иш жүргүзүүлөрү керек. Муну биздин мыйзамдар жана партиялардын өздөрүнүн уставдары талап кылат.

— Сиздин кыймылыңыз тууралуу бир ооз айтып бербейсизби. Платформаңар кандай, кандай пландарыңар бар?

— Биздин кыймылды “Биз – кыргызстандыктар!” деген идеологиялык платформа бириктирип турат. Эмнеге мындай чакырык? Себеби биздин коом “акаевчи”, “бакиевчи”, “жээнбековчу”, “түндүк”, “түштүк” деп бөлүнүп кеткен. Кыргыз улутунун жана тилинин өзгөчө экенин айткандар чыгууда. Мектептерде эле динге өтө берилгендердин саны өсүүдө…  Мындай “көрсөткүчтөр” кыргыз коомчулугунун тагдырына кайдыгер карабагандардын баарын ойго салууда. Эмнеге ушундай болууда? Биз биригип коомчулукту “айыктыра” албайбызбы?

Ооба, бийликтин ишин жүргүзүүдө көйгөйлөр бар. Кадр маселелери бар. Жогорку Кеңеш, Өкмөт эффективдүү иштей албай жатат. Сотторду реформалоо керек.

Бирок ар бирибизге тиешелүү болгон дагы маселелер жок эмес. Бул биздин жашообуз. Активдүү жарандык позицияны талап кылган жашоо.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште баарыбыз бирдиктүү, бир эл, бир өлкө катары аракет кылышыбыз керектигин айткан.

Ошондуктан улутубузга, тилибизге, динибизге карабастан ар бирибиз Кыргызстанда татыктуу жашоого укуктуубуз. Ал үчүн биз биригип, бизден көз каранды болгон нерселердин баарын жасашыбыз керек. Жаратмандык үчүн биригишибиз абзел. Ошондо гана биз жарандык интеграция жана Кыргызстандын элинин биримдүүлүгүн камсыздай алабыз.

— Балким сиздердин кыймылдын так планы бардыр, кошумчалай кетсеңиз?

— Албетте кыймылдын иш планы бар, ал дайыма толукталып турат. Бул убак аралыгында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына, Мустай Каримдин 100 жылдыгына Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына арналган бир катар эл аралык илимий форумдарды өткөрүүгө жетиштик.  Кыргызстандын элдер ассамблеясы, коомдук институттар, ЖОЖдор, илимий мекемелер менен тыгыз иштешебиз. Жакында эле кыймылдын сайтын ачтык. Учурда Евразиялык интеграция көйгөйлөрү боюнча эл аралык конференция өткөргөнү турабыз. Бирок биздин башкы максат биздин коомдун консолидация болуусунда. Ошондуктан биздин иш-чаралар дал ушуга багытталган.

— Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.