Өкмөт: Көмүскө экономиканын үлүшү эки эсеге көбөйдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Янв 2020 10:52
0 ой-пикир

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максатты — жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.  

«Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43% чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн   социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда фискалдаштыруу системасын киргизүү жаатында былтыр бир катар татаал милдеттер аткарылды. Премьер-министр ишкерликти колдоо жана Мамлекеттик салык кызматына элдин ишенимин арттыруу үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарыл деп эсептейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.