Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максатты — жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
«Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43% чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.
Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда фискалдаштыруу системасын киргизүү жаатында былтыр бир катар татаал милдеттер аткарылды. Премьер-министр ишкерликти колдоо жана Мамлекеттик салык кызматына элдин ишенимин арттыруу үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарыл деп эсептейт.