Чек ара маселесин парламент комитети жабык түрдө талкуулап жатат

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Янв 2020 11:22
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иши жана чек арадагы акыркы чырлуу окуялар боюнча маселени жабык карап жатат.

Маселени жабык кароо тууралуу чечимди депутаттар 14-январдагы жыйында кабыл алышты.

Отурумга Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келгендиги белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.