150 бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын алышты

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 13:23
0 ой-пикир

Турмуштук оор кырдаалга кабылган 150 бала убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматтарын алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик учурда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш-чараларды алып барууда.

“Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук-шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл. 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес, баалоодон, окуудан, тандоодон өтүшкөн жарандар багуучу ата-эне боло алышат», -деп айтылат маалыматта.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын төлүп берет.

Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.