Таласта табылган ак илбирсти аткандар кармала элек

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 14:09
0 ой-пикир

Таласта табылган ак илбирсти аткандар кармала элек. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Белгилей кетсек, жарадар болгон ак илбирс 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында табылган. Кийинирээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

«Ак илбирсти жакын жерден аткан деген божомол бар. Бүгүнкү күндө аткан адамдар кармала элек. Ал боюнча кылмышы иши ачылып, каттоого алынган. Аткандар кармалса мыйзам чегинде жооп берет «, — деди ал.

Таласта табылган ак илбирс болжол менен эки жашта.

Белгилей кетсек, ак илбирсти атууга 1,5 млн сом каралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.