Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал парламент комитетинде талкууланат

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 09:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Комитеттин отуруму 14-январда болот. Шейшембиде чек ара маселесин эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү да жолугуп талкуулашары кабарланган.

Эске сала кетсек, 10-январга оогон түндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​ Ал маалыматты кыргыз чек арачылары толугу менен четке кагышты.

Бул окуядан соң 10-январда эки өлкөнүн премьер-министрлери жана президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.