Баткендиктер бийликке кайрылуу жасайт

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Янв 2020 09:23
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-январда Бишкекте Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынан турган топ маалымат жыйын өкөрүшөт. Алар бийлик жетекчилерине кайрылуу жасашат.

Жыйынга Баткендин Көк-Таш, Ак-Сай айылынын тургундары катышуусу күтүүлүдө.

Эске сала кетсек, 10-январга оогон түндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Буга байланыштуу 254 адам Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Эки күндөн кийин алар үйлөрүнө кайтарылган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​ Ал маалыматты кыргыз чек арачылары толугу менен четке кагышты.

Бул окуядан соң 10-январда эки өлкөнүн премьер-министрлери жана президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашкан.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети эртең, 14-январда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн маалыматын угат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.