2019-жылы өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 28,1 млрд сом жумшалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Янв 2020 12:04
0 ой-пикир

Былтыр 2019-жылда Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 28,1 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 28 122,7 млн сом жумшалды. Анын ичинде мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 14 010,3 млн сом, мамлекеттик ички карызды тейлөөгө 14 112,4 млн сом сарпталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.