Ош-Баткен-Исфана жолу күч колдонуу менен ачылды

Окуялар тизмеги 12 Янв 2020 09:33
0 ой-пикир

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок чыңалуу сакталып турат.

Окуя чыккан жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, жолду ачуу үчүн милиция күч колдонгон. Анын жыйынтыгында айрым автоунааларга залал келтирилген. Бирок чогулган адамдар тарай элек.

Буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Көк-Таштын тургундары кармалган алты адамды бошотууну талап кылып, Ош-Баткен-Исфана жолун буушкан. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда.

Кыргызстан жана Тажикстандын күч органдарынын кийлигишүүсү менен чатак токтотулган.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушуу чектеш аймакта 2020-жылдын 14-январында өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.