Бишкектин борборунда жаңы веложол жана тротуарлар пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин узундугу 1,8 чакырымга жеткен тротуар жана веложол курулат.
Жөө адамдар басчу дагы бир тилке Чыңгыз Айтматов/Манас проспектисинде (Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин) пайда болот. Анын узундугу 3,7 чакырым болот.
Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүнө, Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки батыш тарабында, жөө жана велосипедчен адамдар үчүн жол салынат. Ал эми чыгыш тарабына тротуар курулат.
Аталган долбоорлор качан башталып, колдонууга берилери маалыматта айтылган эмес.