АКШ тажик армиясына 575 миң долларлык аскердик техника берди

Окуялар тизмеги 12 Янв 2020 12:02
0 ой-пикир

Америка Кошмо Штаттары Тажикстанга аскердик техникаларды өткорүп берди. Бул тууралуу centralasia.media сайты жазды.

«АКШнын Тажикстандагы элчиси Джон Марк Поммершайм жана Тажикстандын коргоо министринин аскердик техника боюнча орун басары генерал-майор Сухроб Махмадзода 10-январда унаа тапшыруу салтанатына катышты.  Аскердик техникалар » Чет өлкөлүк аскерлерди 575 миң долларлык транспорт менен каржылоо»  долбоорунун негизинде ишке ашкан«, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта ошондой эле, АКШ мурдагыдай эле Тажикстанды коопсуздук, аймактагы туруктуулук жана суверендүү өлкө катары колдоого алган өнөктөшү катары айтылат.

АКШ Тажикстан менен 27 жылдан бери кызматташып келет. Аталган жыл аралыгында Тажикстандын айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү, демократиялык институттарды түзүү,  коопсуздук жана башка тармактагы долбоорлорун өнүктүрүү максатында 1,9 млрд. доллар жардам көрсөткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.