АКШ Иранга каршы санкцияларды күчөттү

Аалам, Окуялар тизмеги 11 Янв 2020 08:25
0 ой-пикир

Кошмо Штаттар Ирандын метал өнөр жай тармагындагы 17 компаниясына санкция салынганын жарыялады.

Бул туралуу 10-январда Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди. Ошондой эле Ирандын сегиз жогорку аткаминерине да каршы санкция киргизилди.

Жазалоочу чараларга туш болгон аткаминерлердин арасында Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысынын орун басары Мохаммад Реза Асхитани жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, буга чейин да Вашингтон Иранга каршы санкция салып келген.

Тараптардын мамилелери 3-январда АКШнын аба соккусунан Ислам жумуриятынын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлгөндөн кийин курчуп кетти. Ал окуядан кийин Иран АКШ баштаган коалициялык күчтөр жайгашкан Ирактагы аскердик базаларга ракета чабуул койду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.