Таласта айылды аралап жүргөн маалда калмалган жарадар ак илбирс Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ак илбирс Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылган. Эмнеден жарадар болгондугу текшерилип жатат. Анын ок жеп, жарадар болгону аныкталса тиешелүү дарылануудан өтөт.
Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган.
маалда калмалган жарадар — кармалган