ВИДЕО: 2019-жылдын өлкөнү санариптештирүүдөгү жетишкендиктер

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Янв 2020 10:49
0 ой-пикир

Заманбап технологиялар бардык чөйрөдө колдонулууда. Бул убакытты, каражатты үнөмдөөгө багытталган. Ага жетишүүгө айрыкча “Түндүк” тутуму шарт түздү.

Аталган тутум иштей баштагандан бери 17 миллиондой транзакция жүргүзүлгөн. Тагыраак айтканда өлкө жарандары 17 миллион ирет бюрократиялык тоскоолдуктарга учурабастан, кызмат көрсөтүүлөрдү санарип форматында алган. Маалымкаттардын бир катар түрлөрү автоматташтырылган.

Жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору да санарип технологияларынын сап башында турат. Видеобайкоо орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайды. Аталган долбоор быйыл жалпы өлкөгө жайылтылат. Санарипке байланышкан мындан башка да максаттар бар.

Адистер былтыркы жылы өлкөнү санариптештирүүнүн негизги кадамдары жасалды деп эсептешет. Бирок технологиялык баалуулуктар улам өзгөрүп жаткан шартта бул багытта аткарылып жаткан иштер токтоп калбашы керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.