Президент Жээнбеков БАЭнин билим берүү министри башында турган делегация менен жолугушту

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 20:05
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади башында турган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечектери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакында БАЭге жасаган расмий визити ийгиликтүү өткөнүн, өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар болуп, кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, жакынкы келечекке карата пландар белгиледи.

Визитти ийгиликтүү уюштурууга Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммадиниге ыраазычылык билдирди.

БАЭ Билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визити ийгиликтүү өткөнүн, ар кыл чөйрөлөрдөгү бир катар ири долбоорлор талкууланганын белгиледи.

Ал аталган визиттин жыйынтыктары боюнча ар кандай багыттарда бир канча жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, буга байланыштуу БАЭнин делегациясынын курамында жетекчилер жана бир катар ири компаниялардын өкүлдөрү келгенин кошумчалады.

Эртең, 10-январда, Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери менен кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн жолугушуулар өтө турганын белгиледи.

Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади Кыргызстан менен кызматташууну өркүндөтүүгө Эмират тарап даяр экендигин дагы бир жолу тастыктап, Кыргызстан жана БАЭнин жогорку жетекчиликтеринин сүйлөшүүлөрү жакынкы мезгилде жакшы натыйжаларын берет деген ишенимин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.