Factcheck.kg сайтынын башкы редактору сабалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Янв 2020 14:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров ур-токмокко алынганы айтылды . Бул тууралуу аталган сайт өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, белгисиз үч адам редакциясынын кеңсесинин жанынан журналистке кол салышып, телефонун тартып алышкан. Жаш жигиттер көкала кылып сабап кетишкен.

Эске салсак,  Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына хакердик чабуул жасалган. Андан көп өтпөй эле Болот Темиров телефон аркылуу белгисиз бирөөлөр өзүн коркутуу аракетин көргөнүн социалдык тармактар аркылуу билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.